айдама2

китептерде 16 жолу, 3 китепте айдама 1 →
  1. Бирөөнүн айтканы менен иш кылган, өз алдынча иш жүргүзө албаган, өз демилгеси жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калдуубеттин Отору, / Коктукаттын элине, / Өзү хандык чагында, / Иш башкарган бегине: / “Айдама кошуун кара аскер, / Айалдабай келгиле, / Менден салам силерге, / Ат минээрим, баарыңар, / Калбай мында келгиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…зөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген, / Зал көрүндү өзөндөн, / Айдама кошуун канча миң, / Кол көрүндү өзөндөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айдама кошуун кол жайнап, / Алпардың элди алыска, / Эл сактабай, эл кырып, / Жарайсың кандай намыска? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оолугуп Отор күүлөнөт, / Кароолчуга сүйлөнөт: / — Ойлоп сүйлө, оолукпа, / Оозуңа келген бокту жеп, / Кененимди барыдан, / Кыйын көрдүм мыкты, деп, / Айдама кошуун аскерге, / Угулбасын ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айдама кошун, калың кол, / Жабалактап дуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →