айдакчы

китептерде 1 жолу
  1. Байгеге кошулган аттарды жандап, жарышка айдап барып кошуучу киши.
  2. Мергенчи киши аң уулаганда ага аң айдап, кыйкырык-сүрөөн салып туруучу киши.
  3. Кийик уулаганда кийикти тосотто, камакта отурган мергенчиге айдап берүүчү анын жолдошу.
  4. өт. Бакырып, кыйкырып сүйлөгөн адам.
  5. Чакмак таш оюнунда «үйгө» айдап киргизиле турганы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ким экенин билбеди, / Он беш экен айдакчы, / Бурулбай барып тийгени, / Ачып көздү жумгунча, / Баарын жалмап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →