айдайт

китептерде 9 жолу, 7 китепте
  1. Күчөтүү, сүрөө үчүн шыкак берүү маанисинде айтылуучу кыйкырык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн өлдү дегенде, / Мууну кетет шалдырап, / Кеп кылалбай кыйлага, / Тиктеп калат жалдырап, / Ачууланса биздерди, / Кайта айдайт калдырап, / Келбей койор айла жок, / Келебиз кайра жалдырап, / Кокүнгө айткан кебиңди, / Койбой баарын укканда, / Акыл ойлоп табалса, / Алдыңа киши жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Айдоого келген, сен аскер, / Сенде жазык жок, – деди, / Жөн кишиге катышпай, / Жолуң менен кет, — деди, / Кайра келип калмактар, / Каңгайга барсак айдайт деп, / Куландын сары сайында, / Эсепке бизди албайт, деп, / Үч кошут менен жылдызга, / Үйүр алышып жердеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Мааникер менен ат айдайт, / Ала качкан ат болсо, / Өз-жат дебей тең кармайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз миңден жылкы айдайт, / Катардагы чоң байлар, / Кара малдан төөсү көп, / Атка жетпей жөөсү көп, / Бүтүн жибек кийгени, / Өлүмдү булар билеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Анын үстүнө «черүүлөр чыгып, качкындарды кайра айдайт экен» деген каңшаарлар угула коюп, «кыштын кыраан чилдесинде кызыл чиедей, жылаңач балдар менен эмне күнгө түшөөр экенбиз» деп чочуп турганбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →