айдай

китептерде 104 жолу, 10 китепте
  1. Ай жамалдуу, татынакай, сулуу, ажардуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айдай эне Айчүрөк, / Арыбын айтып адамдын, / Акылы жетпес, сөз жетпес, / Асманда учса канаттуу, / Сууда жүрсө балыктай, / Ар өнөргө санаттуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…т: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тогуз уул кенжесин, / Кар кылбасын жасаган, / Мындай кылып пендесин / Ары өткөнү бирди чаап, / Бери өткөнү бирди чаап, / Айдай нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун кылып алыптыр, / Арык уйдай камчылап, / Качырга салган токум жок, / Жайдак минип соксоңдоп, / Желгени катуу … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бели кындай, бети айдай, / Белдүү чочко Коңурбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →