айгине

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Даана көрүнүп турган, ачык-айкын, дапдайын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лпарып Абылды, / Бааша кылып койгону, / Алтынай менен Чолпонай, / Көкбука менен Жетилбай, / Аларга алып бергени, / Сулаймат кызы Кылжыке, / Өзү алып келгени, / Айгине көзгө чалыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шибе, солон, манжуну, / Ага кошуп анжуну, / Башкарып жүрөм баарысын, / Ачык билем айгине, / Кыргыз, сенин алыңды, / Мурункудан уккан кеп, / Баарыңарды бурут, деп, / Бурут келсе, курут деп, / Менден уксаң ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— деп, / Ардактоочу айгине, / Атасы муну кайсы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачык көзүм көрө албайт, / Айгине таанып биле албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетей калыс экен — деп, / Көзү жетти айгине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →