айгайла

китептерде 32 жолу, 10 китепте
  1. Айгай салып кыйкыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чокморун алып чочоңдоп, / Кирип келди очоңдоп, / Чокмор чапчу колуна, / Чоң балта менен алдыртан, / Кагып калды Чакмакташ, / Катуу айгайлап карыга, / Салып калды Чакмакташ, / Бул чочконун бир колун, / Чагып салды Чакмакташ. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Пил бутун баса жыгылып, / Оңолуп Майтык тургунча, / Кармап Сыргак колуна, / Как ыргай саптуу айбалта, / «Манастап» катуу айгайлап, / Майтык карай ыңгайлап, / Үзөнгүгө эр Сыргак, / Кобо калып тамандап, / Алдынкы ээрдин бек тиштеп, / Бере көргүн, деп тиштеп, / Туулгасы жок башында, / Кара к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алыстан келген жоо болсо, / Айгайлап найза салайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Чал, сага кызымды берейин, бирок капшытымда калмак айгайлап, тушумда тулпар туйлап турсун, эшигиме чөккөн төөдөй алтын коюлсун, тоодогу жайлоомо алтын-күмүштөн сарай салынсын. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →