айгай

китептерде 29 жолу, 6 китепте
  1. Бирөөнү чакырган же кандайдыр бир себеп менен дүрбөтүп чуу салган катуу кыйкырык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рдодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп, / Кызылкыз турду тостойуп, / Жылызды чакыр дегенде, / Бакшынын баары … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылычың кындан тартканда, / Алмамбет жетти аңгыча, / Чаап ийет экен, деп, / Айгай салып келатыр, / Чыгарып үнүн бекемдеп: / — Ай, ай баатыр, ай баатыр, / Аккула канын сурадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каардуу калча Коңурбай, / Айгайды катуу салганы, / Алптарынын баарысын, / Азыр жыйып алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Арбагы Манас колдо, деп, / Айгайлашып эл чуулап, / Байгеге сайган миң малды, / Санап туруп бир алды, / Жээн болуп, тай болуп, / Байламтасы бар болуп, / Ак калпак кыргыз элинен, / Жергелеш болгон ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →