айбык
- Жазгануу, ийменүү, тартынуу, бир нерсени иштөөгө же бир жакка багыт алганга батына албаган абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келе жаткан Кенендин, / Кебетесин байкады, / Күүгүмдөгү устадай, / Өңү күүгүм сурданып, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагынан кары жаап, / Жаалы чыгып бетинен, / Жалын чыгып көзүнөн, / Көргөн адам айбыгат, / Келе жаткан түрүнөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Барам деп айтып ийе албай / Ал Манастан айбыгып, / Жакып бай жүрөт алдастап, / Түйдүрбөй ичтен камынып, / Күйөөсү менен кызынын, / Келүүгө көөнүн жай кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күтүп турдум келсин деп, / Көрсөтөйүн өзүмдү, / Кайратымды билсин деп, / Айбатыман айбыкса, / Өз жолуна кирсин деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күн-түн кетпей айылымдан, / Шектүүлөрдү көргөндө, / Эшикке чыкпай айбыгам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →