айбаттуу

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Сүрдүү, айбаты күчтүү, айбаты катуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап көрсө Саранжа, / Өлүктөр жатат ар кайда, / Томпойуп өлүп пил жатат, / Топ-топ болуп эр жатат, / Маңдайда жалгыз эр турат, / Айбаттуу Асыл шер турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Адамдан Гүлүс колу жок, / Айбандан буурул мойну ооруп, / Тарткылык келип капташып, / Мына мындай иш болуп, / Жазганбай жоого тийерде, / Жан айабай кирерге, / Айбаттуу эрдин колу жок, / Кастарлуу аттын мойну жок, / Суркойондун бутуна, / Ок тийип аксап сороктоп, / Каргаша келип капташып, / Мына минтип томолок, / Тоо тайанды тө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кутунай кирип барганда, / Малуна кеби бул эле: / Козголчудай калтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Ат куйругу балкылдап, / Көрүнүшү айбаттуу, / Найзанын учу жылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сол жагында күмбөздүн, / Алтын чырайлуу, нур жүздүү, / Ийриси жок, түз сөздүү, / Жээрде сакал айбаттуу, / Алтын кемер, бото кур, / Сарала тулпар ат минген, / Сап алтындан тон кийген, / Жетимиш эки тил билген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…йтып, / Өткөндөргө арыз айтып, / Жакасы ылдый жаш чачып, / Сомбилектей жаш айтып, / А капырай бир шумдук, / Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, / Замана башка кубулуп, / Айбаттуу доош угулуп, / Күүгүм түшүп келаткан, / Күн тийгендей жаркырап, / Тоонун бети жаркылдап, / Жалама таштар жалтылдап, / Көк мелжиген бийик тоо, / Козголчудай кал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →