айбаттан

китептерде 31 жолу, 6 китепте
  1. Айбат көрсөтүү, айбат кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тирүү эмес өлөмүн, / Аралап кирсем кыргызга, / Азап салып бул журтка” / Айбаттанып акырып, / Өзүнүн атын чакырып, / Бала Тубаш, Бөтөнү, / Беттеп кирди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айбаттанып Борончу, / Атынан түшө калыптыр, / Оодара тартчу немедей, / Ойон Алма султанды, / Кемерине алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч айланып майданды, / Айгайлады Куткарбас, / Каар төгүлүп бетинен, / Кайраттанды Куткарбас, / Алда канча түрдөнүп, / Айбаттанды Куткарбас, / Сейит эмес ал жерде, / Зоңкойгон чоку болсо да, / Балта тийсе соо кылбас, / Чычкансур кулак жапырып, / Өзүнүн атын чакырып, / Сейитимге балтаны, / Шилтеп калды Куткарбас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ажыдаардай ак жылан, / Айбаттанып келгенде, / Асман менен тең болду, / Аргыган шамал жел болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
ооз ачып, / Алдыңкы ээрдин жаланып, / Бетинде түгү бириндеп, / Бузулуп өңү карарып, / Уйуткан чойун чокморду, / Колуна кармап сурданып, / Аты кула кара жал, / Айбаттанып бараткан, / Адам коркот чочкодон, / Алдынан утур караштан, / Сомбилек эми өлдү — деп, / Маңгыттар мындай санашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →