айбанча
- Айбандай болуп, айбан сыяктанып.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айланып учуп Кызылкыз, / Айчүрөктүн чийирин кууп, / Төрткөлдүн төмөн жагына, / Гүлбактын түштү жанына, / Асталай басып барганы, / Айбанча тамдын алдына, / Аныктап байкап карады, / Көз алдына келтирди, / Көөдөнгө сыйгыс санааны: / “Алда кандай заман?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бурчак-бурчак кара жаш, / Көзүнөн агып себээлеп: / — Атагы кыргыз уулусуң, / Айтпайын атың, кайнага, / Ким ыраазы болбосун, / Тору ат өңдүү айбанга, / Медеркан менен Мөңкөтай, / Болгон эмес айбанча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →