айбанат
- Адамдан башка жан-жаныбарлардын, канаттуу куштардын жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канаттуусу ар түрдүү, / Айбанаты сан түрдүү, / Суу айбаны канча түр, / Кургак жерде бар айбан, / Суу бетинде такыр жүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…обой кулап быркырап, / Топ-топ учкан канаттуу, / Бирден учуп дыркырап, / Адырда жүргөн айбандар, / Үн алышып чуркурап, / Жер ойулуп кетет деп, / Тешикке кирген айбанат, / Баары ыйлап буркурап, / Агын суулар аркырап, / Токтоо суулар шыркырап, / Аңкуш-аңкуш дей албай, / Суурлар калды кыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Туш-тарапка бир карап, / Көтөрүп тумшук жыт бурап, / Жоболоң тартып оштонуп, / Жолборсум турду зыңгырап, / Куйругу жерди токмоктоп, / Токтоно албай омсоңдоп, / Жолборсум турду күркүрөп, / Дөбө турду дүңгүрөп, / Төрт тараптан айбанат, / Түрүлүп келди дүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…с алып, шер алып, / Айры мойун төө алып, / Көкбөрү менен чөө алып, / Күндө айбан көп алып, / Көөн ачып кубанып, / Жетимиш миң колу бар, / Жүргөн экен Куйалы, / Айбанатка чуу салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →