айбан1
- Бакма жана жапайы жашаган төрт аяктуу жаныбарлардын жалпы аты.
- өт. Мүнөзү жаман, адамгерчилиги жок, орой, ырайымсыз, наадан (кишиге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ким болду белек казакка, / Айбан кул, анда билдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимдин айтканы: / — Бөөрү-жору болот деп, / Көзгө басар малына, / Күлүк аттын жалына, / Кыргыздар байлайт айбаалы, / Айбаалысың сен дагы, / Жер менен жексен кыламын, / Сендей нечен айбанды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…шун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качып берсем уйат” — деп, / Эшик эндүү ай балта, / Кыйамына келтирип, / Чабайын, деп, чокуга, / Телкызыл ылдам, пил кашаң, / Айласын мунун кылсам, деп, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Акылга айбан болбоду, / Айтканды алып оңбоду, / Хан Сейитек жолборсту, / Өз нээтиндей ойлоду, / Алдын алып тосоттоп, / Эр Гүлүсүм торгоду, / Сүйлөр киши жок болсо, / Мага бергин суракты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Адам эмес айбан жок, / Жериң ээн калыптыр, / Ошол ишке таң калдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →