айбалта

китептерде 130 жолу, 9 китепте
  1. эск. Узун саптуу, курч, жарым ай белгисиндеги согуш куралы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колтуктарын чойушуп, / Айбалта менен койушуп, / Кылычты кындан суурушуп, / Жан кыйнашып урушуп, / Олпокторун булушуп, / Үзүп-жулкуп жыртышып, / Үзүлгөнүн ыргытып, / Бар сайманын иштетип, / Э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аларды көрүп күч алып, / Заар жүзүнө айланып, / Сом темирди артынып, / Чарайнасын тартынып, / Кетелегин кошо алып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далыс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пил бутун баса жыгылып, / Оңолуп Майтык тургунча, / Кармап Сыргак колуна, / Как ыргай саптуу айбалта, / «Манастап» катуу айгайлап, / Майтык карай ыңгайлап, / Үзөнгүгө эр Сыргак, / Кобо калып тамандап, / Алдынкы ээрдин бек тиштеп, / Бере көргүн, деп тиштеп, / Т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айбалтанды чың карма, / Сен да өзүнчө баатырсың, / Айалуу жаның капырсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →