айбаалы

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. диал. Жаа, жаачы.
  2. өт. Буту-колу тарбайган, арык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сүрөтү киши кептентип, / Айбаалыны койуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин айтканы: / — Бөөрү-жору болот деп, / Көзгө басар малына, / Күлүк аттын жалына, / Кыргыздар байлайт айбаалы, / Айбаалысың сен дагы, / Жер менен жексен кыламын, / Сендей нечен айбанды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →