ай-аалам
- Бүт дүйнө жүзү, жер бети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Унутулуп калбаска, / Урпактарга жайылттым, / Азыраак кыргыз эл эмес, / Ай-ааламга тааныттым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мойнунан байлап тайгандай, / Ай-ааламды кыдыртып, / Аныктап берем эсепти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
тиккизген, / Кылым дүйнө бетине, / Кыйындыгын билгизген, / Чыныгы Манас арстанга, / Чыгышты карай басканда, / Белек берип жандарга, / Калпак берип калганга, / Ай-ааламга даң кылып, / Ак калпак кыргыз дегизген, / Атайын кылам көп үмүт, / Ал Каныкей энемден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →