ай1
- Күндүн чагылышкан нуру менен жарык болуп туруучу асман телосу, Жердин жандоочусу.
- Айдын Жерди айланып чыгышында жаңыдан көрүнүп, толуп, кайра жоголгон мезгилдерге кеткен убакытты эсептөө бирдиги; жылдын он экиден бир бөлүгүн көрсөткөн чак, календарь боюнча 28–31 күндөн турган убакыт, мезгил өлчөмү.
- Жалпы эле бир айлык (30 күнчөлүк) убакыт бирдиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элден азып сен кеттиң, / Айчүрөктөн башкабыз, / Баш көтөрбөй сенделдик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Осы алты айдан бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →