азыткы

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Азгыруучу, азгырып башка жолго буруп кетүүчү.
  2. Азгырып кетме, азгырма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жин менен жүрөм аралаш, / Албарсты менен азыткы, / Кызматым кылат каралап, / Кошомат кылып кош колдоп, / Жанын сактап жан багат, / Эгер андай кылбаса, / Кутулуп менден ким калат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көлдүн аты Шайтан көл, / Тоонун аты Шабырым, / Албарсты, азыткы, / Мисти мийан, жин-пери, / Ээлеген экен баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оторго жайса жөн баспайт, / Торала атым топ жазбайт, / Жөндү айтып туптуура, / Каңгып өтүп бир жакка, / Атап айткын десеңер, / Азыткы болгон калмакка, / Аныктап айтып берсеңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
болуп качканда, / Жейрен болуп белестен, / Бир кубулуп ашканда, / Желмогуздун өзү деп, / Өзү тургай буруусуз, / Как караган көзү деп, / Ачып көздү жумгунча, / Азыткыга жетем деп, / Алдында минген Телкүрөң, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Баладай жалы балкылдап, / Туйагы тийген нечен таш, / Талкаланып … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шек алдырсаң кокустан, / Жер бетинен баарыңды, / Жашы менен карыңды, / Азыткы менен албарсты, / Бош кыламын шаарыңды, / Деп коркутуп Айчүрөк, / Падышасын алдырып, / Буйрук берип тапшыртып, / Ал Кыйаздын койнуна, / Албарстыны жаткыртып, / Мына мунтип Кыйаздын, / Азабын берди колуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →