азырынча

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Ушул кезде, ушул убакта.
  2. Убактылуу, бир аз убакытка чейин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азырынча хандарым, / Абалым болду ушунча, / Ылайыктуу мүлкүм жок, / Айабайт элем дагы да, / Алышып кол жүрөлү, / Алдыда өмүр бир кыйла, - / Анда Аламабет кеп айтат: / — Жыйырма тогуз төө менен, / Өз оозуңан угайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…алган, / Азыр дагы туула элек, / Ат жетер жерге жан койбой, / Жалгыз алат тебээлеп, / Батыштагы жети дөө, / Ат көтөргүс нечен жөө, / Каны суудай агат, — деп, / Азырынча Таластын, / Шыгы качып турат, — деп, / Сырттан киши бара албай, / Чыккынчы ичтен чыгат” деп, / Жөргөлөк айткан ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Азырынча Гүлүстөн, / Ал Буурулду минип тур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Азырынча Коңурдун, / Айтканын кабыл кылалы, / Бүтөт анын жумушу”, / Аксакал Бакай кат жазды, / “Уруштун ханы менмин” — деп, / Элчилерди аткарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Азырынча казактар, / Акылын таппай калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →