азыркы
- Ушул кездеги, ушул азырдагы, ушул учурдагы, эмки.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Олуйам жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей атам кел, / Адамдан артык балбаны, / Азыркынын Сардары, / Шер Гүлүстөн абам кел, / Каныкей, Чүрөк – энем кел, / Кыргыздын эли кыйналды, / Кыйамында кайрат бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Шоорук деген хан, — деди, / Хан Каракөз өтүптүр, / Илгерки өткөн убакта, / Азыркы Шоорук ханыбыз, / Хан Каракөз калдыгы, / Ээ боло албай элине, / Бир бөлүмгө арзыбай, / Мунун ичинде бардай ардыгы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баатырдыгы башка, деп, / Бардык элден ашкан, деп, / Коң төрө, Жолой баш болуп, / Коркуп алар шашкан, деп, / Угулган артык кайраты, / Азыркы өсмүр жаштан деп, / Какырдын ташын казылтып, / Кумдардын көккө чачылтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан май…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Азыркы нөөмөт меники, / Арка кылган Гүлчоро, / Болгонуң каруу көрөйүн, / Көрүнөө башын кесейин, / Мурадыма жетейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →