азыраак

китептерде 108 жолу, 9 китепте
  1. Көп эмес, бирок өтө аз эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ндеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Унутулуп калбаска, / Урпактарга жайылттым, / Азыраак кыргыз эл эмес, / Ай-ааламга тааныттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Азыраак айтып жылмалап, / Кыркын баатыр жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жери жашыл жээк болсо, / Суусу ачуу туз болсо, / Кургак жер сары кум болсо, / Сапырылып чаң болсо, / Адамдары алты түр, / Айдап келер көп болсо, / Ак кишиси азыраак, / Куткарбаска касыраак, / Кара беттүү киши көп, / Маанайы анын басыраак, / Сары кишиси баары сак, / Куткарбастын артынан, / Сандап чыгат сап-саптап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куйун минип качса да, / Качып калса душмандар, / Кутулуп качып кеткиндей, / Карлыгач болуп кууса да, / Азыраак айбы бар экен, / Оозу катуу, тоң мойун, / Ошондойроок мал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →