азына
- Элирип катуу кишенөө.
- өт. Катуу үн салып айкыруу, бакырып сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай неме кез болсо, / Манастан башка айтпаңар, / Баарыңарга эп болсо, / Эртең күнгө азына, / Айчүрөк энем келет го, / Кызылкыздын сыйкыры, / Кылдай түптүз болот го, / Деп Бекбача айтканда, / Кыңк кылган киши жок, / Башын салып турушту, / Пейилин сал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бириңе бириң жөлөк бол, / Карыңа жашың өбөк бол, / Азыңа көбүң одок бол, / Колуңда барың тартынбай, / Коржоңдобо байыңар, / Колунда жокко кайрылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айал-үйөл дегиче, / Артынан барды байбиче, / Бозжоргосу азынап, / Үнү сонун даркырап, / Үйүр жүргөн мурдагы, / Туучунак атка тийиптир, / Жаш төрөгөн келиндей, / Байбиченин эмчеги, / Ат үстүндө ийиптир, / Балам Манас келгин…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азынап айгыр аркырап, / Бээ кишенеп, каңшылап, / Кулундары чыркырап, / Куйругун салып сыртына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Букулдатып буурчунун, / Боздотуп муңдуу тайлагын, / Азынатып айгырын, / Чыркыратып кулунун, / Озондотуп уйларын, / Топоңдотуп торпогун, / Чуркуратып койлорун, / Карартып таштап короосун, / Куржунга салып пулдарын, / Комо менен нарларын, / Артылды колум айга, деп, / Асылдан жыйнап алганын, / Алдырып ийсе нетмекчи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →