азыктан
- Тамак-аш ич, тамактан; курсакты тойгуз.
- Өсүмдүктөрдүн керектүү азык заттарды алып, тамактанып өсүү процесси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Лопнур, Арал, азыктан, / Кашкар, Жеркен, Анжыдан, / Самаркан, Ташкен, Маргалаң, / Атбашы, Нарын, Таластан, / Тың тыңдадык кеп сурап, / Бекбача барбы деп сурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арал менен Азыктан, / Сайкалдын эли калбаган, / Атабашы, Нарын, Жумгалдан, / Кетментөбө, Наманген, / Ош кошулуп чубаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ктап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Этектерин түрүшүп, / Сүзүшкөн уйдай сүрүшүп, / Күнү-түнү дем албай, / Так ушундай жүрүшүп, / Күнү түнгө уланып, / Түнү күнгө айланып, / Жана тийип күн жарып, / Алмамбет менен Борончу, / Азыктанбай дем албай, / Кайра минди бул экөө, / Аттарына жармашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көз ача элек жаш күчүк, / Көрүндү сонун көзүнө, / Буларды багып койсом, деп, / Ойлоду бала өзүнчө, / Таңыркап турду кыйла аны, / Жондорунан сылады, / Сайган байрак жанына, / Алып барды буларды, / Чөптөн ойуп буларга, / Атайлап жасап бир уйа, / Көл азыктан айабай, / Азык берди аларга, / Күчүктөр тойуп жай алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →