азык-түлүк

китептерде 31 жолу, 7 китепте
  1. Ичип-жегенге керектеле турган ар кандай тамак-аш продуктылары, тамак-аш үчүн жумшалуучу, керектелүүчү ар кандай азык заттар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п, / Элүү миң аскер кол алып, / Какшатып туруп Ламаны, / Алтымыш балбан кошо алып, / Тартууга берип Каканга, / Андан аскер алам деп, / Алтын, күмүш мол алып, / Азык-түлүк артканга / Беш жүз ашуу нар алып, / Алды айгырдай бел ашып, / Аладырдай жер басып, / Черчен, Лопнур, Турпанды, / Кумул, Баркөл, Манасты, / Түп көтөрө чаап алып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тең кырылат эмеспи, / Алыска барса бизге окшош, / Азык-түлүк дагы жок, / Арыктап өлөт кыргыздар, / Аппак кардай майы жок, / Артып ала жүргүндөй, / Биздикиндей даны жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Беш күндөн кийин кетсе деп, / Таамай он күн жол жүрүп, / Болжогон чөлгө жетсе деп, / Калкына кылып жардыгын, / Казыналык кызыл нар, / Тандап онду алдырып, / Азык-түлүк зар артып, / Ар буруудан тон артып, / Жөнөтмөк болуп узатып, / Кетээрге жакын кез болуп, / Эр Сейити жаш арстан, / Көкбука менен Жетилбай, / Чолпонай менен Алт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жолун тосуп баралы, / Азык-түлүк алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →