азык

китептерде 124 жолу, 10 китепте
  1. Азыктанууга жумшалуучу ар кандай заттар, тамак-аш, жем.
  2. Өсүмдүктөрдүн азыктанышына керектүү заттар, жер семирткичтер.
  3. Азык-түлүк үчүн өндүрүлгөн ар кандай продуктылар.
  4. өт. Бир нерсени өндүрүүгө, курууга, жаратууга керектелүүчү негизги материалдар.
  5. өт. Кубат, күч, дем.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылбаса ал чогоолдук, / Таласка киши бастырбай, / Тойгузбай туруп кыргызга, / Хотен, Жерген, Кашкарды, / Турпан, Комул буларды, / Лопнур, Азык аларды, / Өзүбекти жоготуп, / Биз кылмакпыз каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Так ошентип жай албай, / Аттарды кыйнап, айабай, / Айал кылып тура албай, / Ат чалдырып түнөбөй, / Азык ичип уктабай / Эрикпей жүрүп олтуруп, / Жанжүрбөстүн четине, / Кара дөө менен Кутургур, / Салышып жаткан жерине, / Үч күндө жетип келди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Биздин азык ушул болсо керек! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →