азуулуу
- Азуусу бар.
- Жырткыч.
- өт. Залим, зулум, канкор, шылуун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас өткөлү, / Эр Семетей, Сейтек, / Зор Кененим, Сейитим, / Асылбача артыкча, / Канатууга кактырбай, / Тумшуктууга чокутпай, / Азуулууга каптырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Азуулуу менен тиркешип, / Аа дүйнө жүзүн табайын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сөзү менен желмогуз, / Тапан ханды эритет, / Айта берсе түгөнбөйт, / Андан чыгат далай кеп: / — Чойтолоң айткан Куткарбас, / Азуулуу жолборс-шер болсо, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ааламды бузар эр болсо, / Жүз миң колго баш болсо, / Сейитимче жаш болсо, / Көөнүмдү сага уттуруп, / Жаныңда турам мен болсо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Азуулуу жолборс эр эле, / Куткарбаган кууганын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →