азуу1

китептерде 97 жолу, 8 китепте
  1. Жаактын түп жагындагы чоң тиштер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баскандай, / Азуулары качырап, / Чок өчүп колу калыптыр, / Бул ашырып айткан иш эмес, / Жүрөгү күйүп эт калбай, / Күйгөнү мунун аныктыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Бир миң мылтык атылат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Олоктогон Чубакты, / Алмак үчүн бир сынап: / — Мин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…йып, / Кылычтар калды жалтырап, / Канжар жатат баркырап, / Чойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азуулары кычырап, / Баштары ооруп кеңгиреп, / Мас болгондой зеңгиреп, / Кээде туруп калышат, / Эси оогандай эндиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бир кишиге билгизбей, / Шыбырашып кеңешип, / Хандыкты тартып алууга, / Кайрап азуу эгешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →