аздык
- Аз экендик, жетишсиздик, көп эместик, жетиштүү эмес абалда болгондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Испандан олжо албасаң, / Ошолор аздык кыларбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…нчө, / Төштүктүн кармап колунан, / Керкөкүл туруп ордунан: / — Булургуган топурак, / Чыгыш жактан чаң чыгат, / Ачып көздү жумгунча, / Алда кайда созулат, / Көп аздыгы билинбейт, / Бүлбүлдөп көзгө илинбейт, - / Анда Кошой айтканы: / — Кароолчулар качканбы, / Каңгайга барып айтканбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Сейити удургуп, / Кыйалдан кетпей чоң Бейжин, / Кыйынсынып барынан, / Өрөпкүгөн чунактын, / Жүрөгү курч жаштыгы, / Өткөндөрдөн өөдөсүп, / Акылынын аздыгы, / Эки кыйал санаада, / Эки жыл өттү арада, / Эсинен кетпей чоң Бейжин, / Эсирген чунак балага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аралап кирсе шаарга / Акыл кетип аздыккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Берейин, – алар сага аздык кылат, андан дагы көп нерсе берсем болот эле, – дейт бала.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →