азгыр
- Бирөөнү өз оюна көндүрүү, кызыктырып өз тарабына тартуу, макулдатуунун, ынандыруунун аракетин кылуу.
- Жаман, терс жолго салуу же бузук ишке баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өк күмбөз, / Адамдын алы түк келбес, / Карадөө каны чачылды, / Сыйкырлуу күмбөз ачылды, / Жан жүрбөстөн Кызылкум, / Адамы жок, суусу жок, / Арамзада Сулаймат / Азгырып жолго салганда, / Жетик калча баш болуп, / Жети дөөнүн тукуму, / Жете келип асылды, / Жетик туулган эр Сейит, / Качан андан шашылды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жол бошотуп силерге, / Аны азгырып мен кетип, / Таластын тарпын чыгаргын, / Токтоо кылбай түз жетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лай менен Карабөрк, / Кара баштуу айалдан, / Кашкайа чыккан жамандан, / Катындын тилин албайт, деп, / Тазбайматты алдаган, / Далыга уруп жандаган, / Атын берип азгырып, / Тон беришип жаптырып, / Каттама берип, эт койуп, / Казы-карта таттырып, / Алдына койуп аракты, / Айабастан мас кылып, / Көп санаадан козгошуп, / Көз жашы ме…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоо аралап кетсек деп, / Сейитимге кез болдук, / Тапан ханды азгырып, / Кара жүз, элди жеп болдуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айла кылып азгырып, / Семетейди Буурулдан, / Айрылттым мен бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →