азат
- Эзүүдөн, көз карандылыктан кутулган эркин абал.
- Адамдын камактан, туткундан ж.б. бошонуп чыккан абалы, боштондугу, эркин абалда жүрүшү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Малды көрсө эр азат, / Бекер дүйнө бар десе, / Албаймын деп ким качат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Адам тилин сүйлөгөн, / Сумурук куш бошонуп, / Азат кылып аларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Пайгамбар ак диним ак, / Бейжинде калган алтын так, / Мелтиреген тозоктон, / Бойуңду азат кылам деп, / Качып келген ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көк асман турса мелмиреп, / Көк тиреп зоолор мелтиреп, / Күн көрө албай жаш кезде, / Көңүлүм азат темтиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
…, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →