азарлан
- Күйүп-бышып азаптануу, азар тартуу, кыйноого түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Көрө салып кырк киши, / Аттарына жабылды, / Токтогунуң минбе, деп, / Эр Бактыбай бакырды, / Бир далайы булардын, / Акылынан жаңылды, / Ажал жеткен экен, деп, / Азарланып сабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эсимен кетпейт эч убак, / Элимден азып келгеним, / Колумдан тарткан киши жок, / Мен менен элдин иши жок, / Ушундай экен турбайбы, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Азарланып Айчүрөк, / Кабагын түйүп сумсайып, / Шамал чыкчу булуттай, / Бузулуп өңү кумсарып, / Алдындагы жууркандын, / Катмарына кол салып, / Кадимки шамшар – ак тимте, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп калганда, / Айчүрөккө Сейитек, / Азарланып айтат кеп: / — Айласы жок атамдын, / Сенде окшойт, кеп-кеңеш, / Сен толгоону салбасаң, / Атам буга жок дебес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аламан койуп чуркурап, / Аттарын түшүп жетелеп, / Арызын айтып боркурап, / Айбатынан баатырдын, / Жаны чыгып чыркырап, / Азарланып зыркырап, / Кара таандай калмактар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →