азар1
- Азап, кыйынчылык, кысымчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтын, күмүш зар менен, / Азар-түмөн мал менен, / Катарлаган төө менен, / Топоз менен кой менен, / Алоолонгон ат менен, / Жерге алган кап менен, / Лопнурду көздөй жөнөдү, / Эр Бекбача салт менен,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түбүбүздөн бер жакка, / Түгөттү кыргыз казакты, / Айдап жүрүп Көкчөнү, / Баласы жетим өксөдү, / Баштап жүрүп Көкчөнү, / Манжуудан көзү өткөнү, / Музбурчак менен Үрбүнү, / Үйүндө уруп жүн кылып, / Азар түмөн кол менен, / Айдап жүрүп Бейжинге, / Айабаган кол кылып, / Манастын уулу Семетей, / Үмүтөйдү өлтүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мунун баарын кылышка, / Алтын, күмүш – зар кетет, / Азар түмөн мал кетет, / Азамат кетет, ат кетет, / Кому менен төө кетет, / Аркан кетет, кап кетет, / Оозубузда айтабыз, / Ушунун баарын ким берет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуна түшүп мен калдым, / Коркуп өкүм саргардым, / Жаш элем жаным койгун, — деп, / Азар түмөн жалбардым, / Адам айткыс кеп айтып, / Алда канча каргандым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Азар түмөн айбанды, / Асыраган Алатоо, / «Аккула менен баргын» — деп, / Ак кайыпка тоо айтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →