азаптуу
- Кыйынчылыгы көп, азап тартма, оор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайда жатып Калдык хан, / Кыргызды жеңип ой менен, / Айдап чыкты кулбутуп, / Алтымыш миң кол менен, / Кээде суулуу, кээ чөл, / кээде чөптүү, кээде кум, / Азаптуу мүшкүл жол менен, / Лопнурга кирип аралап, / Утур келген кишини, / Кылыч менен кыймалап, / Мен кыргызмын дегенди, / Үйүн өрттөп сыйдалап, / Карарган коргон там…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…й турат тайышып, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырыгы таш жарып, / Кыйын экөө урушуп, / Аманат жалгыз бир жанды, / Аркасына таштады, / Адам өлүп баш кетер, / Азаптуу уруш баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жетим калып чоң болгон, / Ат көтөргүс зор болгон, / Азаптуу Кыйаз сойлогон, / Өзүнчө келип кутургур, / Бул ааламдан жоголгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ат арытып, тон тозуп, / Азаптуу калча эр Коңур, / Кеңколго жеткен кези экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Азаптуу болгон уулуңдуң, / Кабагын ачкын кайран тоо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →