азапта
- Азап көрсөтүү, кыйноо, жапа чектирип алын кетирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачкадан боору эзилип, / Айнектей көзү сүзүлүп, / Керсаргыл тартып ыраңы, / Кетүүчүдөй үзүлүп, / Арман кылат эр Алмаң, / Азаптана үшкүрүп: / “Меккени алдым бетиме, / Өлүмдү алдым нээтиме, / Каралашкан казагым, / Казагым берип азабым, / Каңгып жүргөн бир жаным, / Кайсы жолду басамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азык-түлүк түгөнгөн, / Азапта булар калган кез, / Сейитиден башкасы, / Амалы анык кеткен кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →