азап
- Оор абал, кыйынчылык; кыйноо, жапа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бактыбайга айтбайбы, / Ажал жетсе өлөрбүз, / Өлөм деп коркуп качпайлы, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Азабым болсо көрөйүн, / Көкөтөйдүн ашында, / Манас менен бир жүрдүм, / Он сегизде жашымда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Азабың айдап келипсиң, / Менден кайдан кутулдуң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тордогон бойдон чогулуп, / Айдап алып жөнөдү, / Жандоочу деген сепилге, / Барганын көзүм көрбөдү, / Хан туруп качкан караан, деп, / Калкынан безген арам, деп, / Аты менен өлсүн, деп, / Ачка кордук көрсүн, деп, / Кырк кулач бойу сепилге, / Атым менен таштады, / Азапты минтип баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он экиге чыга элек, / Он бир жарым жашыңда, / Үркөнчтөн чалгын чалганың, / Толтойду жерге жаздадың, / Чынкожону атканың, / Кайра айттың деп абама, / Көкчөнүн уулу Үмүтөй, / Башын кесип таштадың, / Жашың кырктан ашканда, / Он эки жыл азапты, / Опсуз катуу тартканың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калмактын көрдү казабын, / Манжунун тартты азабын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →