азамат
- Жашы толуп, баралына келген жигит.
- Ар кандай иште чечкиндүүлүктү, белсемдүүлүктү көрсөткөн, эрдиги бар мыкты сапаттагы адам.
- Бирөөнүн ишин, жүрүш-турушун, эрдигин, чечкиндүүлүгүн жактырып, мактоо иретинде айтылган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бул экөөн көргөн кишинин, / Кең дүйнөсү тар болуп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагына кар болуп, / Алып көнгөн бул экөө, / Ачык жолу шар болуп, / Эр азамат кармачу, / Ар шайманы бар болуп, / Агы калбай көзүндө, / Ачуу менен кан толуп, / Таноолордон буу чыгып, / Бетинен сары жүн чыгып, / Азуулары кычырап, / Куйкала…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…үшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азабын колго беребиз, / Асылып келсе тим элге, / Тобоңо жансаң каласын, / Ушул жерден сенделе, / Канат керек учарга, / Куйрук керек конорго, / Ойлонгону жакшыдыр, / Кийинки болор ишине, / Эр азамат кичине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Азамат жыйдым, эр жыйдым, / Ар кайдан жигит, мен жыйдым, / Гулчорочо болбодуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →