азай

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Аз болуу, аз көрүнүү, мурдагысынан кемүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түгөнүп эли азайса, / Бели сынат Бекбача, / Көрбөсөм да билемин, / Котендеги Козубек, / Азыктагы Алабек, / Жеркендеги Малабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Таластан ичкен туздарын, / Актаганын билсин, — деп, / Эл айагы басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саламат өзүң турасың, / Жалгыз сен кандай кыласың, / Акылыңды билдиргин, / Биригип кеңеш кылалы, / Ашыгын алып азайтып, / Кыскасын улап узартып, / Орток кеңеш кылалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ташкенге көчүп баргалы, / Арбып малы төлдөдү, / Азайбады көбөйдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитинин кылычтан, / Кан жошулат себээлеп, / Калкан туткан жандарды, / Кара жерге тебээлеп, / Балбандын баарын жеп болду, / Бук ичиме жык толду, / Качып келген желмогуз, / Арка болуп Тапан хан, / Эл азайып жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →