ажырык

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жерге төшөлүп, кумдак жерге көп тамыр байлап, чытырман тартып чыгуучу жалпак чөп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажырык деген бир чөп бар, / Башы келбейт керекке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Төтөгөнүн сөздөрү, / Анан мындай айтылды: / — Кылган ишиң, Сомбилек, / Кыргыздын жолу тууралык, / Алтымыш уруу ак калпак, / Атабыз бирге тууганбыз, / Ажырыктын тамыры, / Түрк уулунан тууганбыз, / Кыргыздын уулу кыраандан, / Ийилбес түптүү чынардан, / Алтымыш уруу алашка, / Ар качан үмүт булардан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →