ажыраш
- Башка-башка болуп ажырап, бөлүнүп кетүү, бирге болбой бөлөк тарапка кетүү.
- Ынтымакты, мамилени бузуп, үй-бүлөлүктөн, достуктан ж.б. кетүү, бөлүнүп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыдай албай кыргынга, / Ажыраштык бөлүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өрүүн кылып үч күнү, / Тигип берип эки үйдү, / Жыйырма төөгө арттырып, / Жетелетип тарттырып, / Көкжалын кошо бастырып, / Оогандын ханы Ырыска, / Алып келип тапшырып: / — Алты күн бирге барасың, / Андан кийин, Мадана, / Ажырашып тараарсың, / Дагы эле айтам эрикпей, / Калемкаш тилин алаарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим келер күнүндө, / Мурунку күнү күүгүмдө, / Ажырашып баарысы, / Үч тарапка бет алып, / Булар жөнөп калышты, / Алыстан келген Кененим, / Испандын жолун жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан утур алдынан, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…акемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажырашып бөлүнүп, / Арылды элдин санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →