ажына

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жин тийген, жинди болгон.
  2. Жин, пери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапкан тонду байкады, / Турган кыргыз таң калды, / Кара кыргыз калкына, / Хандык менсеп тапканы, / Ажыңа бийлик бергенде, / Манас жапкан алтын тон, / Сүйүнгө хандык берерде, / Кененим менен кеңешип, / Бактыбай жапты алтын тон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Далай кеп угуп келгемин, / Карабөрктүн үйүнө, / Кетип калды баатырың, / Мен калдым кебим айталбай, / Андан чыкса Накылай, / Мындай кепти айтам деп, / Ээрчип чуркап баралбай, / Ушул күнү күн жаады, / Болбой турат көөнүм жай, / Айтып болуп Каныкей, / Ажыңа койду түрдүү чай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Малуна өлүп кеткенге, / Өтө эле жаман ачынып / Дордоно деген бир калмак, / Чыгып калды акырып, / Дүркүрөгөн куу менен, / Дөңмаңдай деген ит менен, / Дүбүртү жерди солкутуп, / Катуу тийди Ажыңа, / Кара тил найза койкойтуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →