ажылда

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Тынбай асылып үрүү, өжөрлөнүп үрүү (итке карата).
  2. Ачууланып, ээ-жаа бербей сүйлөө, кепке-сөзгө келбей, кажылдай берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үзөңгүгө асылып, / Арсылдаган канчасы, / Улуп-уңшуп ажылдап, / Ыжылдаган мынчасы, / Кудай бетин көрсөтпө, / Алты жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Анын ырысын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токсончо түтүн кишикен, / Топтошуп айыл жыш экен, / Токсончо дөбөт ажылдап, / Тоокүрөңдү такымдап, / Тегеректеп турду эле, / Толорсуктап жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ар алып канчык ажылдап, / Тапан ханды бурганбы, / Чойтолоңду чакыр, деп / Бир желдетти жумшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кутурган иттей арсылдап, / Оозунан көбүк чачылып, / Кычырап тиши карсылдап, / Каарынан капыр чочконун, / Кара жер турат картылдап, / Көрүнүп күрөө тамыры, / Чоң бакандай лакылдап, / Оозуна келген кепти айтты, / Кирген суудай шапылдап, / Угуп туруп Кара дөө, / Тура алган жок ал чыдап: / — Ажылдаган бадырек! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Болжолу жок Кумайык / Улуп уңшуп ажылдап, / Кирип келет жакындап, / Бозжоргоңду такымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →