ажыдаар

китептерде 162 жолу, 8 китепте
  1. миф. Жомоктордо учуроочу, адамды, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан укмуштуу чоң жылан сымак жаныбар.
  2. өт. Башкаларды кыйнап эзген зулум, ырайымсыз душман.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бул кан ичме кыргызга, / Булардан айла болобу, / Баарыбызды чогултуп, / Ажыдаардай соробу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сыйкырдын баары төгүлдү, / Тордон Сыргак бөлүндү, / Байкап көрсөм Сыргакты, / Бир ажыдаар көрүндү, / Белсенип турган оогандык, / Бекерге каны төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башка баардык элдерге, / Ажыдаар кыргыз болуптур! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алп кара куш каары бар, / Беттешкен жоого ажыдаар / Бели катуу эрлерди, / Кайда алпарып сойгондур? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →