ажар
- Адамдын жакшынакай өңү, ыраңы, көркү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каргышка кеттим дегендей, / Алым келсе асырап, / Каркытаттым бабамды, / Жазыксыз камчы чаппастан, / Энемдей сүйдүм жеримди, / Эркиндеттим элимди, / Кеңири туттум пейлимди, / Акка салып нетимди, / Ажарлуу туттум бетимди, / Ажыраттым сөөгүмдүн, / Түшүрдүң бөлүп этимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Миң кубулуп ажары, / Анда Көкчө турбады, / Суук сөздүн баарысы, / Алмамбет көздөй чубады: / — Көзүрүм эрен сенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Караса көзү жадырап, / Нур куйулуп өңүнөн / Ажары анын албырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жолуккан кары кеп айтат: / Тура тур балам, — деп, айтат, / Ат сурашып кеп угуп, / Андан кийин кетели, / Жолубузга бөлүнүп, / Ичеги-бооруң эзилет, / Ажарлуу жүзүң көрүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →