ажалдуу
- Өлө турган, ажалы бар; ажалы жакын калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алеңгир жаа асынган, / Ал доңузга кездешип, / Ажалдуу бенде катылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…и бар, / Турушу барча бир дөбө, / Тогуз кабат кийгени, / Баары соот, күрөөкө, / Кабаттап калкан тартынган, / Буттай темир артынган, / Бул кара нээт калмакка, / Ажалдуу бенде катылган, / Тердебеген Темир көк, / Ал кездеги эрлердин, / Аңгемеси далай көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кароолу дажаал, огу ажал, / Түтүнү туман, түбү испан, / Бургулап ичин түзөтөм, / Аткан огу жөн учпай, / Ажалдуу жанды издетем, / Тушагасы бир темир, / Тийген жери бир сеңир, / Чагарак ооз Алмабаш, / Ыңай-тура ылгабас, / Асынып жүрсө Аккелте, / Ай далынын белеги, / Атып жүрсө Аккелте, / Аманат жандын эрмеги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…с кылып калмакка, / Жерин тартып алганда, / Качып келген алашка, / Айкөл төрө Манаска, / Азизкандын Алмамбет, / Асынып келген Алмабаш, / Ыңай, туура ылгабас, / Ажалдууну издеген, / Аткан огу жөн учпас, / Асынып жүрсө Алмабаш, / Ай далынын белеги, / Атып жүрсө Алмабаш, / Аманат жандын эрмеги, / Сыйкырдын сыры чечилген, / Ар кача…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ажалдуу дажаал огу урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →