ажайып
- Адам таң калгандай, эң сонун, укмуштуу.
- Сыйкырдуу, сыйкырчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акылы терең Каныкей, / Ала көлдүн жээгинде, / Колуна алып белекти, / Абдылда жоолук карады, / Ар боруму ажайып, / Айран болуп таңданды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир ажайып иш көрдүм, / Байланды буудан мамыга, / Тартынбай жерди кемирди, / Байлоодон туруп семирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →