ажаан

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Сөз бербеген албуут, долу.
  2. Каардуу, жаалдуу, ырайымсыздыгы күчтүү, мыкаачы.
  3. Ажылдап, өжөрлөнүп үргөн, кабанаак (итке карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чөлдө калган бакадай, / Тамактары бүлкүлдөп, / Алдында минген сары аттын, / Төрт айагы такылдап, / Кененимге бадырек, / Кирип келди жакындап, / Аркасында алты ит бар, / Ажаандай болуп арсылдап, / Катуу үрүп карсылдап, / Айал-үйөл кылбастан, / Аты-жөнүн сурабай: / — Сен Кененим дегенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Алты катын ажаандай, / Артараптан аркырап, / Канчык иттей ажылдап: / — Өлүгүңдү көрөйүн, / Баштап жүрүп Оторду, / Кененимге өлтүртүп, / Алдап бизди ээрчитип, / Күндө бирден катынд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Ажаандай талап үч баатыр, / Үч жактан тийди жемелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →