адырмак
- Адыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бешбалыкта элдердин, / Чекесинен кеп сурап, / Алатоо бойлоп өтмөккө, / Алтайды карай кетмекке, / Адырмакты аралап, / Бара жаткан кезинде, / Салбардынын этеги, / Сары кайкы деген кезеңде, / Турнабай салып караса, / Куландын сары сайынын, / Чыгыш жаккы четинде, / Алта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
зуулдап, / Ойготуп торгой быжырап, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй зыркырап, / Келин каш болгон маалда, / Тура калып Ажыбай, / Аркандан атты алдырып, / Адырмак жерге чалдырып, / Кермеден атын алдырып, / Керүүлөй жерге чалдырып, / Бир жигитке коштотуп, / Жетелешип откозуп, / Агытып койсо Суусамыр, / Кетеби деп шарт кой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеңколдун башы жети төр, / Адырмак сонун жерин көр, / Чалкалап жаткан төрүн көр, / Чалкайып жаткан төшүн көр, / Шамал болсо ыргалган, / Кулпурган түрдүү чөбүн көр, / Төрлөрүм, калдың кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кеңкөл өөдө жүрдү, дейт, / Кеңкөдун төркү башына, / Адырмак аска ташына, / Алар чыгып келди, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…лып кумсарып, / Кабагын ачпай сумсайып, / Эки жагын каранып, / Эр жүрөк артык жаралып, / Алп Бозойдон укканы, / Көз алдында саналып, / Кетип барат жол менен, / Адырмак кара тоо менен, / Артуу-артуу бел менен, / Агыны терең коо менен, / Акактап жаткан шор менен, / Заңгыраган зоо менен, / Чаңкап жаткан чөл менен, / Арбытып он к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →