адыраңда

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Бирөөгө баатырсынып, кыйынсынып чоң сүйлөө, ороңдоп өкүмдүк кылуу, кыр көрсөтүү.
  2. Көңүлү көтөрүңкү, шат, тартынбаган көрүнүштө болуу.
  3. Үркүп же элирип качкан же чуркаган абал (ири айбандарга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лго тийгенде, / Сууруп алды найзаны, / Тегеретип найзаны, / Чокудан нары салганы, / Айрандай мээси чачырап, / Жайылып жатып калганы, / Адыр деген бир маңгыт, / Адыраңдап барганы, / Учунан кармап найзаны, / Сойул кылган Кененим, / Сокмогу менен бир салды, / Бир чабуудан чыгарбай, / Адырдан да жан алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачакандан ажырап, / Дабытайга баралы, / Андан кабар алалы, / Арамдык ойдо бар болсо, / Айабай найза сайалы, / Адыраңдап желденсе, / Амалын анын табалы, / Тагдырдан буйрук болгончо, / Таласка барып жаталы, / Узап кетет алыстап, / Бачымыраак басалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качырбай кырктан бир киши, / Ошол жерде жалмады, / Сотой, Банус, Дөөкандар, / Токтоо кылып туралбай, / Бир-бирден барып чыдабай, / Үчөө катар ат койуп, / Адыраңдап барышты, / Үч тараптан үчөөлөп, / Ал Манаска жабышты, / Арты-артынан дембелип, / Бирден балта чабышты, / Самап турат калдайлар, / Колдон келсе өлтүрүп, / Өзөкт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тотой менен Сейити Маңдайлашты тушма-туш, / Аты-жөнүн сурабай, / Адыраңдап чоң Тотой, / Ачуусуна чыдабай, / Чокморун күүлөп имерди, / Оро-пара Сейитти, / Чокуга тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →