адырашман
- Ак гүлдүү, тоголок баш байлай турган, чачырап өсүүчү, элдик медицинада дары катары колдонулуучу көп жылдык жапайы өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тапшырып Кенен баарыны, / Кырма кызыл дарыны, / Кайнатма кара дарыны, / Катырып койгон сарыны, / Адырашман, эрменден, / Жашыл мийа дегенди, / Кылтырык арпа, медийан, / Ошолордун баарынан, / Даны бар чөптөн чогултуп, / Жетимиш эки уруудан, / Чогулутуп туруп катырды, / Күндө берип үч талдан, / Бактыбайды бактырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казы-карта бал берет, / Кандыра кара чай берет, / Чыйралып эти катсын деп, / Адырашман эрменден, / Кайнатып суусун да берет, / Айаганы ушулар, / Арак менен ачкылдан, / Андан башка тамактан, / Айабай берет абыдан, / Үч ай өттү арадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →