адырай

китептерде 32 жолу, 7 китепте
  1. Көздү чоң ачып, чакчая кароо.
  2. Серт, одуракай, одоно.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бастырып жетип Бекбача, / Байрагын жулуп ыргытты, / Адырайган Ламасын, / Коштоп алып жөнөдү, / Камчылап атын зыргытып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөңкөтай кебин укканы, / Айтса, айтпаса ырас, деп, / Адырайып Медеркан, / Көкөйдү карап турганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…үн Бурулча – / Эки сулуу кыз менен, / Эсен хандын алтын так, / Башында конгон сыймык бак – / Баарысынан ажырап, / Соодой калган ошол чак, / Акимсинбе тимеле, / Адырайган сен калмак! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адырайып тургандар, / Ал Коңурбай чоң калча, / Батыш жакты көрсөтүп, / Колун шилтеп алганы, / Айбан мүнөз чоң доңуз, / Бастырып жолго салганы, / Коңурбай тирүү келгенде, / Чуркурашып көпчүлүк, / Кулак тунуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айанбагын арам, деп, / Адырайган жаман, деп / Туруп берди Сейтек, / Карпаңдаган кайран дөө, / Капталдан нары үч сайды, / Үчүнчүсүн күч сайды, / Кангандар кыбың эми, деп, / Ойротто жок шер Сейтек, / Төртүнчүгө калганда, / Найзасын улай кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →